МЕНДЕЛЕЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕНДЕЛЕЕВ Дмитрий Иванович [27. 1(8.2). 1834, Тобольск - 20. 1(2. 2). 1907, Санкт-Петербург] - химиялык элементтердин мезгилдик законун ачкан орус химиги, илимпоз, педагог жана коомдук ишмер. Санкт-Петербург педагогикалык институтунун физикалык-математикалык факультетин бүтургөн (1855). 1857- жылдан Санкт-Петербург университетинде органикалык химия курсунан лекция окуп, 1861-жылы «Органикалык химия» китеби жарык көргөн. СанктПетербург университетинин жана Санкт-Петербург технол. интунун проф. 1869-жылы элементтердин мезгилдик законун ачкан. Ал мезгилдик системанын бир нече вариантын түзүп, анын негизинде белгилүү элементтердин ат. с-н, ондогон жана белгисиз элементтерди, алардын касиеттерин алдын ала айткан. М-дин мезгилдик системасы органикалык эмес химияны окуп билүүдө жана изилдөөдө негизги көрсөткүч карта болуп калган. 19-к-дын аягы - 20- к-дын башында инерттүү газдардын ачылышы мезгилдик законду андан ары бекемдеди.

Атомдун түзүлүш теориясы М. элементтерди ат. н-нин өсүү тартиби менен туура жайгаштырганын далилдеген. Мезгилдик закон химиянын негизги закондорунун бири болуп, М-дин «Химиянын негиздери» деген китебинин негизин түзгөн. Эритменин компоненттеринин ортосундагы өз ара химиялык аракеттенишүү жөнүндөгү түшүнүк эритмелер жөнүндөгү азыркы окууну иштеп чыгууда мааниси чоң. М. нефть, көмүр, металлургия жана химия ө. ж-на өзгөчө көңүл буруп, нефть түтүктөрүн курууга, химиялык сырьё катары нефтини ар тараптан пайдаланууга демилгечи болгон. Көмүрдү жер алдында газга айландыруу жөнүндөгү ойду 1-жолу айткан. Анын 500дөн ашык эмгеги химия, химиялык технология, физика, метеорология, а. ч., экономика, эл агартуу ж. б. маселелерге арналган. М. сода, күкүрт кислотасы,
минерал жер семирткичтерди жергиликтүү сырьёлордон өндүрүүнү көбөйтүү негизги максат деп эсептегенетикалык Ошондой эле өлкөнүн табигый байлыктарын өздөштүрүү программасын көп жыл мурда алдын ала белгилеген. Ал а. ч. маселесине да көңүл бөлүп, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн фосфорит, суперфосфат, азот жана калий жер семирткичтерин органикалык жер семирткичтер менен бирге пайдалануу зарылдыгын айткан. М. - метрология боюнча да бир нече эмгектин автору. Ал эл агартуу ишине да чоң көңүл бурган. Көрүнүктүү окумуштууларды (В. И. Вернадский, В. Л. Комаров, Д. П. Коновалов, Н. С. Курнаков ж. б.) тарбиялаган. М. - Орус химиялык коомун негиздөөчүлөрдүн бири. Москва химиялык-технол. институту, Түндүк Муз океандагы суу алдындагы кырка тоо, Курил а-дагы аракеттеги жанартоо, минерал (менделеевит) ж. б. объектилер М-дин ысмынан аталган. Америкалык окумуштуулар синтездеп алган 101-элементке менделевий (Мб) деп М-дин ысмы ыйгарылган. 1964-жылы Брижпорт университетиндеги (АКШ) дүйнөдөгү улуу окумуштуулардын Ардак тактасына жазылган.
Ад.: Фигурновский Н. А. Дмитрий Иванович Менделеев. 2-е изд. М., 1983. Летопись жизни и деятельности Д. И. Менделеева. Л., 1984; Кедров Б. М. День одного великого открытия. М., 2001.