МЕНАМ-ЧАО-ПРАЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МЕНАМ-ЧАО-ПРАЯ, М е н а м - Индикытай ж. а-ндагы дарыя, Тайланддагы дарыялардын эң чоңу. Узундугу 1200 тсидей (негизги куймасы - Пинг д-нын башатынан 1500 км), алабынын аянты 150 миң «м2дей. Өлкөнүн түндүгүндөгү тоолордон башталып, Менам ойдуңу аркылуу агып, Түштүк Кытай деңизинин Сиам булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Жамгырдан ку­ралат, режими муссондук. Жайында суусу мол, орт. чыгымы төмөнкү агымында 2700 м?/сек- дай. Негизинен шалы талаалары сугарылат. Чатынан 400 кмге (Пинг д-нын чатына чейин), суу кирген маалда 750 кмге (Уттарадит ш-на дейре) кеме жүрөт. Сал агызылат. Дельтасында Бангкок ш. жайгашкан.