МЕЛИОРАЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МЕЛИОРАЦИЯ (латынча melioratio - жакшыртуу) - жерди үзүрлүү пайдаланууну жакшыртууга ба­гытталган чарбалык - уюштуруу, инженердик жана агро­техникалык чаралар жыйындысы. М. табигый шартты а. ч-га керек багытта өзгөртүүгө мүмкүндүк бе­рет; топурактын суу, аба, азык зат, жылуулук режимин жакшыртат; саздак, кумдак, шор, чөл жана жарым чөлдүү жерлерди айдоо аянтына ай­ландырып, жер-суу ресурстарын өндүрүмдүү пай­даланууга, талаачылыкты толук механика­лаштырууга жана химиялаштырууга шарт түзөт. М. негизинен үчкө бөлүнөт. Нымы жетишсиз жана ашыкча нымдуу жерлердин М-сы; нымы же­тишсиз жерлерди сугаруу (к. Сугат), ашыкча нымдуу (саздак) жерлерди кургатуу; чөл, жа­рым чөл жана боздоң жерлердеги жайыттарга суу чыгаруу ж. б. Физикалык жана химиялык курамы начар то­пурактуу жерлердин М-сында кычкыл топуракты акилөө, шор топуракты гипстөө жана дренаж аркылуу топуракты шордон арылтуу иштери аткарылат. Ыңгайсыз табигый шартка таасир этүү каражаты менен ыкмаларына жараша гидро­техникалык, агротехникалык жана токой чарба М-сына бөлүнөт. Гидротех. М. - канал, суу сактагыч ж. б. гид­ротех. курулмалар менен жер сугарууда суу ресурс­тарын жана жер астындагы суунун деңгээлин жөн­гө салуу жана топуракты өсүмдүккө зыяндуу ашыкча mysдардан (дренаждын ж. б. жардамы менен) арылтуу; суу токтотуучу, суу алуучу ж. б. курулмаларды куруу, топуракты агын суу жууп кетишинен сактоо; агротехникалык М. - сугаруу мезги­линде топуракты эрозияга учуратпоо үчүн кош айдоо жана жерди сугаруу багыттарын улам өз­гөртүү; шор топурактуу жерди өздөштүрүүдө көп жылдык чөптү тез-тез которуштуруп эгүү; кумдуу жерге чөп эгүү ж. б.; токой чарба М-сы жөнүндө, к. Агротокой мелиорациясы макаласын.

М. Египет, Месопотамия, Индияда биздин заманга чейинки 3- 5-миң жылдыктарда пайда болгон. Кыргызстанда су­гат дыйканчылыгы революцияга чейин өтө жай өнүгүп, Совет бийлигинин жылдары көптөгөн майда эски сугат системалары оңдолуп, ири каналдар (Ат-Башы каналы, Батыш Чоң Чуй каналы, Чыгыш Чоң Чуй каналы, Талас кана­лы, Чоң Нарын каналы ж. б.), плотиналар (Ара­ван-Сай плотинасы, Кара-Үңкүр плотинасы, Чөмүч плотинасы ж. б.), суу сактагычтар (Ки­ров суу сактагычы, Төрт-Кул суу сактагычы, Токтогул суу сактагычы, Найман суу сакта­гычы, Орто-Токой суу сактагычы ж. б.), Он­Арча, Куланак насос станциялары ж. б. ирри­гациялык курулмалар ишке киргизилген. Кыргызстанда М. жана суу чарбасы боюнча илимий из. жана долбоорлоо иштерин Кыргыз ирригация илим изилдөө институту, К. И. Скрябин атындагы КАУ­нун гидромелиорация факультети ж. б. жүргүзөт.

Ад.: Сельскохозяйственная мелиорация/Под редакциялык Маелова Б. С. М., 1984; Методы и технологии комп­лексной мелиорации и экосистемного водопользо­вания/Под редакциялык Б. М. Кизяева. М., 2006.