МЕЛИОРАНСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МЕЛИОРАНСКИЙ Платон Михайлович (30. 11. 1868, Санкт-Петербург - 29. 5. 1906, ошол эле жер) - түрколог, монголист, чыгыш таануучу, проф. (1899). В. Радловдун шакирти. Санкт-Пе­тербург университетин бүтүргөн (1891). 1890-жылы студент ке­зинде Оренбург губерниясы жана Торгой обл-ндагы кыр­гыз (казак) тилин жана фоль­клорун изилдеп «Кыргыз макалдары жана табыш­мактары» жана «Казак-кыр­гыз тилинин кыскача грам­матикасы» деген

алгачкы илимий эмгектерин жарыяла­ган. Окууну бүткөндөн ки­йин ошол эле университеттин түрк-татар тилдери ка­федрасына калтырылган. Ал россиялык түрко­логиянын тарыхында О. Н. Бётлингден кийин­ки биринчи түрколог-лингвист катары тааныл­ган. М-дин эмгектери (айрыкча, «Күлтегиндин урматына коюлган эстелик», «Араб филолог монгол тили жөнүндө») бүгүнкү күндө да эсте­ликтердин тилине лингвистикалык анализ берүүнүн жо­горку үлгүсү болуп эсептелет. Ал Орхондон та­былган байыркы түрк жазуу эстеликтеринин тексттерин которуп, лингвистикалык талдоо жүргүзгөн. Түрк тилдеринин салыштырма-тарыхый грам­матикасын түзүү ишине да салым кошкон. Өзүнүн өтө кыска илимий-изилдөөчүлүк өмүрүндө 42 илимий иш жазган. Алардын көбү түркология­нын алтын фондуна кирген.

Эмг.: Краткая грамматика казакско-киргизского языка. Фонетика и этимология. Ч. 1. 1889; Ч. II. 1897; Сельджукнаме. 1897; Памятник в честь Кюль­Тегина. 1900; Араб филолог о монгольском языке. 1903.

Ад.: Кононов А. Н. П. М. Мелиоранский и отечест­венная тюркология//Вестник АН Каз. ССР, 1969, № 10; Тенишев Э. Р. П. М. Мелиоранский - языковед // Тюркологический сб., 1972.