МЕКСИКА БОЮ ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕКСИКА БОЮ ОЙДУҢУ Түндүк Американын түштүк-чыгышында, АКШ менен Мексикада. Мексика булуңун жээктей созулуп, түндүк-чыгышында Атлантика бою ойдуңуна туташып, жалпы Жээк түздүктөрү деп аталат. Туурасы 350 кмге чейин. Нефть жана газ кендерине бай (Мексика булуңу нефть-газдуу бассейни) деңиздик чөкмө тектерден (калындыгы 6000-10 000 м) турат. Жеринин бети түндүктү карай 150 м бийиктикке чейин акырындап көтөрүлүп, бири-бирине жарыш жаткан бир нече куэста жалчаларын пайда кылат. Ойдуң аркылуу ири дарыя өрөөндөрү (Миссисипи, Алабама, Бразос, Рио-Гранде) өтөт. Жээктеринде лагуналар жана эстуарийлер бар. Климаты субтропиктик, түштүк-батышында тропиктик. Жылдык жаан-чачыны батышында 600-800 мм, чыгышында 1200-1500 мм. Ойдуңдун 73 бөлүгүнөн ашыгын мырза карагайлуу жана аралаш токой ээлейт; батышына саванна мүнөздүү. Гозо, тамеки, бал камыш өстүрүлөт. Ири порт шаарлары: Жаны Орлеан, Хьюстон (АКШ), Тампико, Веракрус (Мексика).