МЕЗОФИТТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕЗОФИТТЕР (мезо... жана грекче phyton - өсүмдүк) - топуракта, абада ным жетиштүү (ашык эмес) учурда өсүүчү, б.а. ксерофиттер менен гидрофиттердин ортосундагы өсүмдүктөр тобу. Алар мелүүн алкакта, тропик жана субтропик токойлордо өсөт. Мелүүн алкакта өсүүчү М-ге жалбырагы күбүлмө дарактар жана бадалдар, шалбаада (уй беде, ат конок ж. б.) жана токойдо (мончок гүл ж. б.) өсүүчү көпчүлүк чөптөр, ошондой эле айрым учурда боздоң жана чөлдө эрте жазда өсүүчү көп жана бир жылдык өсүмдүктөр (эфемерлер), көпчүлүк а. ч. өсүмдүктөрү (буудай, сулу, кант кызылча, соя, буурчак ж. б.), отоо чөптөр жана мөмө бактар (мисте, бадам, жүзүмдөн башкалары) кирет. Боздоң, шалбаа жана чөлдө өсүүчү М. - жарыкчыл; токой, бадал арасында өскөндөрү көлөкөчүл өсүмдүктөргө мүнөздүү.