МЕДИЦИНА ГЕНЕТИКАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МЕДИЦИНА ГЕНЕТИКАСЫ - адам генетикасынын тукум куума ооруларды, алардын алдын алуу, диагноз коюу жана дарылоо жолдорун, ошондой эле тукум куума ооруларды изилдөөчү тармагы. Бардык кишилерде бир жумурткадан өөрчүгөн эгиздерден башкасы (аларда тукум куума касиеттери негизинен окшош) бири-биринен айырмаланат, генде мутациялар пайда болгондо, дайыма тукум куума өзгөргучтук болот. Организмдин өөрчүшүндө тышкы чөйрөнүн ар кайсы факторлору дайыма түрдүү тукум куума касиеттердин калыптанышына таасир этет. Ошондуктан М. г-нын максаты тигил же бул оорунун тукум куума келип чыгышын изилдөө, ооруну эрте табуу жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу болуп эсептелет. Анын өнүгүшү клиникалык медицина, биохимия, физиология, морфология, жалпы патология, иммунология ж. б. менен байланыштуу. М. г-нын өнүгүшү 3 мезгилге бөлүнөт. 1-мезгилде (20-к-дын башында) тукум куума патол. белгилер чогултулган. 2- мезгилде 20-к-дын 20-30-жылдары тукум куума оорулардын себебин, ага түрткү болуучу ооруларды жана мутацияларды изилдөө жүргүзүлгөн. 3-мезгил 20-к-дын 50-жылдарында башталган. Адам хромосомаларынын саны жана түзүлүшү аныкталгандан кийин хромосома оорулары ачылган. М. г-да генеол., молекулалык-генетикалык анализ ж. б. жаңы ыкмалар колдонулат. Организмде жүрүүчү биохим. реакциялардын бузулушу, көбүнчө гендик өзгөрүүлөргө байланыштуу болот. Оорулуу гени барлар улгая баштаганда тукум куума оорулар байкалат. Тукум куума оорулар менен күрөшүүдө жаңы мутациялардын пайда болушуна каршы күрөшүү жана эгер мутация пайда болсо, анын пайда болушуна тоскоол кылуучу чаралар көрүлөт. Мындан тышкары тукум куума ооруларды түйүлдүк кезинде аныктоо кеңири
колдонулат. Эгер тукум куума оору түйүлдүк өөрчүп жатканда байкалса, анда түйүлдүктүн өөрчүшүн токтотууга мүмкүндүк болот.
Ад.: Медицинская генетика/Под редакциялык Н. П. Бочкова. М„ 2010.