МЕДЕТ ДАТКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕДЕТ ДАТКА Байтүгөл (Байтурган) уулу [бол­жол менен 1778(79)-1839, Ак-Учук, Кочкор өрөөнү] - саяк уруусунан чыккан саясий ишмер. Түндүк Кыргызстандагы таасирдүү адамдардын бири.

Кокон хандыгы жана Цин империясы аны менен мамиле түзүүгө кызыкдар болгон. М. д. Кокон хандыгы менен дипломатиялык байланыш түзүүнү туура көрүп, Омор хандын (1809-22) тушунда кыргыз бийлери менен бирге ордого чакырылган жана ага датка наамы ыйгарылган. Кыргыз санжырала­рында жалган жалаа менен Кокондогу зынданда жаткан Алдаш баатырды өлүмдөн сактап кал­ганы айтылат. Мадали хандын мезгилинде ко­кондуктардын эзүүсү ашкере күчөгөнүн көргөн М. д. аларга чечкиндүүлүк менен каршы чыккан. Ошондуктан аны кокондуктар уулантып өл­түргөн деген маалымат бар. М. д-нын өздүк туу­су жана мөөрү болгон.

Ад.: Кенчиев Ж. Медет датка. Б., 1996.

Д. Сапаралиев.