МАШИНА ТААНУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МАШИНА ТААНУУ - машиналар жөнүндөгү илим; ал машина жана механизмдер теориясын, машина тетигинин бекемдигин констр-лоону жана эсептөөнү, машинадагы жешилүүнү ж. б-ны изилдейт. М. т. теориялык жана эксперименттик изилдөөгө, ошондой эле математика, физика, материалдар каршылыгы, материал таануу ж. б. илимдерге негизделген. М. т-га машиналардын жана механизмдердин жалпы теориясы, машина тетиктери сыяктуу предметтер кирет. 1920-30- жылдары машина теориясы боюнча орус окумуштуусу И. И. Артоболевский механизмдин түзүлүш классификациясынын жалпы теориясын иштеп чыккан. 1930-жылы Н. ,Г. Брусевич тарабынан мейкиндиктүү механизмдин кинетостатика маселеси чечилген. Кийин механизмдер синтезинин теориясы өнүктү. Атап Айтканда Благонравовдун илимий эмгектери механика жана куралданууга багытталган. 1950-60-жылдары орус окумуштуулары К. В. Фролов, П. А. Ребиндера, В. В. Соколовский, Атап Айтканда Ильюшин, И. А. Вышнеградский, Н. Е. Жуковский ж. б. тарабынан М. т. боюнча көп эмгектер жасалган. М. т. 20-к-да өтө өнүгүп, машина куруунун жаңы мууну жана жаңы илимий багыттар: автоматтащтыруу, робототехника, космостук М. т., биомеханика, эргомеханика пайда болду жана жаңы материалдар (аморфтуу, наноматериалдар) кошулду. 20-к-дын аягында 21-к-дын башында космонавтика, авиация, транспорт, ядролук энергетикасынын өнүгүшүнүн негизинде татаал шартта иштөөчү, сапаттуу жаңы машина жана технол. системаларды жаратуу талаптары коюлду. Учурдагы машина КУРУУ жана автоматташтыруу проблемалары компьютердик өнүгүү менен тыгыз байланышта. М. т. боюнча фундаменталдык изилдөө техникалык илимдин жана илимий техникалык прогресстин негизги багыттарынын бири болуп саналат.
Ад.: Фролов К. В. Избранные труды. М., 2007. Т. 2: Машиноведение и машиностроение.