МАТИКЕЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МАТИКЕЕВ Курманалы (5. 12. 1941-жылы туулган, Ош обл., Кара-Кулжа району, мурдагы Килем-Таш кыш., учурда Кызыл-Жар айыл округу) - гео­графия илимдеринин доктору (1996), проф. (1999),

КРдин билим берүүсүнө эмг. сиң. ишмер (2007). ОМПИни бүтүргөн (1965). Алгач Баткен р-нун­дагы мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн баш­чысы (1965-67); 1972-76-ж. Кыргыз ИАнын Гео­логия институтунда илимий кызматкер; 1976-жылдан ОМПИде окутуучу, доцент (1978), кафедра баш­чысы, декан, профессор. 1999-2000-жылы ошол эле университеттин Фундаменталдуу жана колдонмо ИИИде директор, 2001-04-ж. Биотехнология жана тоо проблемасы ИИИде директор болуп иш­теген. Түштүк Кыргызстандагы экзодинамикалык ку­булуштарын изилдеген (2001-03). Ош - Эркеч­Там, Кара-Кулжа - Алайкуу автомобиль жол­дорундагы кар, жер, таш көчкү, сел жүрүү кубу­луштарын изилдөө жана прогноздоо (2004-08), Байыркы кыргыздардын таралуу географиясын изилдөө (2009) долбоорлорун жетектеген. КРдин Улуттук аттестация комиссиясынын алдында­гы кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча атайын кеңешинин мүчөсү (2001), 2007-жылдан төрагасы. Ал 200гө жакын илимий эмгектин, 2 мо­нографиянын, 16 окуу, 5 илимий-популярдык ки­тептин автору. Негизги эмгектери: «Жылып жүрүүчү континенттер» (1976), «Кыргызстандын гео­графиясын окутуунун методикасы» (1985), «Ош облусунун географиясы» (1988, авторлош), «Ма­нас баяны» (1995, авторлош), «Табият таануу концепциясынын негиздери» (1998, 2003, 2011), «Кыргыз, Манас жана тарыхый геогра­фия» (2012) ж. б. Борбордук Азиянын Манас доорун­дагы топонимдери боюнча байыркы кыргыз уруу­ларынын таралуу картасын түзгөн.

Ө. Бараталиев.