МАТЕРИАЛИЗМ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска
МАТЕРИАЛЙЗМ (латынча materialis - заттуу, заттык) - материянын объективдүүлүгүн, анын биринчи жаралгандыгын, түбөлүктүү, аң-сезимге көз карандысыз жашоосун жана дүйнөнүн субстанциясы (эң баштапкы негизи) деп таануучуфилософиялык багыттардын бири. М. идеализм багыты менен каршылаш процессте өнүгөт. Идеялык агым катары М. көп кырдуу: 1) алгачкы чаржайыт мажес М.; 2) архаикалык, негизги таяныч белгилери, принциптери болбогон М.; 3) табигыйилимий М. (конкреттүү илимдердин тажрыйбалык көрсөткүчтөрү аркылуу, дүйнө көз карашы катары жалпыланып далилденген, бирок методол. жактан материалисттик окууга толук жооп бербеген изилдөөлөр); 4) метафиз. М. [жалпысынан ага өзгөчө эки багыт туура келет: а) жаратылышта түбөлүк берилген, өзгөрүп-өнүкпөгөн, туруктуу, чектелген чөйрөдө айланып турган бир бүтүндүк катары кароо; б) чындык боюнча баарын камтып, биротоло аяктаган билим системасын түзүү аракети]; 5) вульгардык (одоно бурмаланган) М. (адам жашоосунун табигый-жаратылыш менен байланышын четке кагуу; аң-сезимдин социалдык-тарыхый табиятын көнүлгө албай, ан-сезим мээнин гана жеке, тике касиети деп түшүндүрүү); 6) антропол. М. (жаратылыш кубулуштарын материалисттик түшүнүү, коомдук реалияларды материалисттик талкуулоо менен айкалыштырбоо); 7) диалектикалык М. (М. менен диалектиканын принциптерин, анын ичинде коомдук мамилелерди да ырааттуу түшүнуү). М. рационалисттик жана сенсуалисттик агымдарга да ажыратылат. М. улуттук-географиялык жана хронол.. белгилер менен мүнөздөлүп, дайыма ан-сезимдүү аракетте болушу менен өзгөчөлөнөт. М. - динамикалуу, эволюциялык система. Ал доордук ачылыштар, төнкөрүштөр, революциялар менен бирге өзүнүн формасын өзгөртөт. М-дин социалдык булактарын билүү үчүн анын жалпы коомдук тарыхый өнүгүүнүн эң керектүү тенденцияларын чагылдырууга, илим менен маданияттын азыркы учурдагы жетишкендиктерине ж. б. илимий-техникалык ачылыштарга таянуу зарыл. Коомдук-тарыхый практиканын жана таанымдын үзгүлтүксүз прогресси (илгери өөрчүсү) азыркы М-дин дайыма өнүтүп жана конкреттешип турушун талап кылат. Бул жалпысынан илимдин, коомдук-тарыхый практиканын, тарыхый процесстин, адамзат маданиятынын жетишкендиктерин ар тараптан аңдап өздөштүрүү, синтездөө жолу менен ишке ашырылат.
Ад.: Ланге Ф.А. История материализма и критика его значения в настоящее время: история материализма до Канта. 3-е изд. М., 2009; он же. История материализма и критика его значения в настоящее время: история материализма после Канта. 3-е изд. М., 2010., Т. Эсенгелдиев.