МАТЕРИАЛДЫК ӨНДҮРҮШ ЧӨЙРӨСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 21:09 учурдагы нуска

МАТЕРИАЛДЫК ӨНДҮРҮШ ЧӨЙРӨСҮ, м а­териалдык ө н_д ү р ү ш - материалдык баалуулуктарды өндүрүп, аны керектөөчү жак­тарга жеткирүүчү өндүрүш тармактарынын жы­йындысы; материалдык заттарды, зат баалуу­луктарын өндүрүү жана материалдык тейлөө (жүк ташуу ж. б.), курулуш-монтаждоо, ондоо иш­чараларын ж. б. жүргүзүү. Ал өндүрүш, а. ч., токой жана суу чарба, курулуш, жүк транспорту, байланыш, соода, коомдук тамактануу, мате­риалдык-техникалык камсыздоону камтып, коомдун жана адамзаттын керектөөлөрүн кандайдыр бир деңгээлде канааттандырат. Антропогендик фак­торлордун натыйжасында М. ө. ч. көптөгөн та­бигый процесстердин бузулушуна, жердин дегра­дацияга кабылышына, абанын жана суунун булганышына алып келүүдө. Ошондуктан М. ө. ч-н көзөмөлдөө зарыл, к. Өндүрүш.