МИХОЭЛС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МИХОЭЛС (өз фамилиясы - В о в с и) Соломон Михайлович [4 (16). 3. 1890, Двинск - 13. 1. 1948, Минск] - еврей совет актёру, режиссёр, педагог.

СССР эл арт. (1939), проф. (1941).
1919-жылы Петроград еврей театр студиясына кирген. Кийин студиянын базасында Москва еврей камера театры (1925-жылдан Москва мамлекеттик еврей театры) түзүлүп, адегенде актёр, режиссёр, 1929-жылдан көркөм жетекчи болгон. М. түзгөн сахна образдары философиялык тереңдиги, жарандык бийик сезимдүүлүгү менен айырмаланат. Анын трагедия жаатындагы таланты Линин (Шекспир, «Король Лир», 1935), сүт ташуучу Тевьенин (Шолом-Алейхем, «Сүт ташуучу Тевье», 1938) ролдорунда толук ачылган. М-тин режиссёрдук ишиндеги көрүнүктүү эмгеги - еврей музыкалык фольклорунун мотивинде түзүлгөн «Фрейлехс» спектакли (1945; СССР мамлекеттик сыйл., 1946). М. Москва еврей театрынын окуу жайында сабак берген. Ленин ордени менен сыйланган.