МИТЕЛЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МИТЕЛЕР - башка организмдердин (ээсинин) эсебинен азыктануучу жана көпчүлүк учурда аларга зыян келтирүүчү организмдер. М. өсүмдүк менен жаныбарлардын түрдүү систематикалык тобуна таандык. Алар зоомителер (жөнөкөйлөр, гельминттер, жөргөмүш сымалдар, курт-кумурскалар), фитомителер [бактериялар, козу карындар (грибоктор), айрым татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр] жана вирустар болуп бөлүнөт. М-дин ээси бактериялар, өсүмдүк жана жаныбарлар болушу мүмкүн. М. ээсинин каны, лимфасы, ткандары жана сиңүүгө даяр тамак-ашы менен азыктанып, организмди арыктатат жана катуу ооруга чалдыктырат, кээде оорутпайт. Мындай учурда ээси мите алып жүрүүчү, оору таратуучу болуп калат. М. убактылуу (ээсине азыктануу үчүн гана келет, мисалы, безгек чиркейи) жана туруктуу (жашоосун, азыктануусун, жашоо тиричилигин ээсинде өткөрөт) болуп бөлүнөт. Ошондой эле алар экзомителер жана эндомителерге дагы бөлүнүшөт. Экзомителер ээсинин дене сыртында жашайт. Ага бит, чиркей, кенелер кирет. Алар кан, лимфа суюктугу менен азыктанат. Э н д ом и т е л е р организмдин ички көңдөйүндө, ткандарында, клеткаларында жашап, аны жабыркатат. Мисалы, териде котур кенеси, ичегиде малдын тасма курту, аскарида, чүчөк курту, жазы тасма курт, ич өткөк амёбасы, лямблия ж. б., булчуң ткандарында (трихинелла, бодо малдын, чочконун тасма куртунун финкасы), кан клеткаларында безгек митеси ж. б. жашайт. Кээ бир М-дин өөрчүү цикли өтө татаал болуп,
бир эле эмес, бир нече ээсинде өтөт. Өөрчүүнүн бир стадиясы (мисалы, личинкалык) бир организмде, ал эми экинчи стадиясы башка организмде жүрөт. Ушуга байланыштуу ээси негизги жана аралык болуп бөлүнөт. Негизги ээсинин организминде жыныстык жактан жетилген жана жыныс жолу менен көбөйүүчү, ал эми аралык ээсинде личинкалык формасы жашайт. Айрым М. өөрчүү циклинде 2-3 ээсин алмаштырат. Мисалы, безгек митесинин өөрчүүсү адамдын организминде жана безгек чиркейинде, жазы тасма куртунун өөрчүүсү - циклопто, балыкта жана сүт эмүүчүлөрдө өтөт. Козу карындар менен өсүмдүктөрдүн арасында да көп мителер белгилүү. Айрым мите өсүмдүктөрдүн хлорофилли болуп, фотосинтез процесси менен органикалык заттарды синтездейт; кээ бирлери ээсинин эсебинен гана азыктанат. М-дин түрдүү өзгөчөлүктөрүн изилдөө адам, жаныбар жана өсүмдүктөрдүн оорусун козгогуч мителерге каршы күрөшүүдө мааниси чоң.