МИССИСИПИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МИССИСЙПИ (жергиликтүү индейлердин тилинде - чоң дарыя) - дүйнөдөгү эң ири дарыялардын бири, АКШда. Узундугу 3766 км, Миссуринин баша­тынан 5971 км. Алабынын аянты 3300 миң км2. Миннесота штатындагы анча чоң эмес көлдөн башталып, түндүктөн түштүккө карай Борбордук түздүктөр, Мексика бою ойдуңу аркылуу агып, Мексика булуңуна куярда дельтаны (аянты 32 миң км2дей) пайда кылат. Ортонку жайыл­масынын жазылгы 15 кмге жетип, эски нуктар көп кездешет; төмөнкү агымында ташкындан сактануу үчүн дамбалар курулган. Ири куйма­лары: Миннесота, Де-Мойн, Миссури, Арканзас, Ред-Ривер (оң), Висконсин, Иллинойс, Огайо (сол). Оң куймалары негизинен Аскалуу тоолор­дун кар, сол куймалары жамгыр сууларынан жана нөшөрдөн куралат. Жаз-жай айларында суу­су кирип, жамгырлуу мезгилде катуу ташкын­дар болот. Мененин алабында 1840, 1903, 1913, 1927, 1937, 1947, 1951, 1952, 1965-жылы алаамат ташкындар болгон. Жогорку бөлүгү кышында тоңот. Орт. чыгымы 16 миң м?!сек (эң көбү 50- 80 миң м?!сек, эң азы 3-5 миң м?/сек). Жылы­на 360 миллион тшиленди агызып келет. Өнөр жай ишканаларынын таштандылары көп кошулган­дыктан, суусу өтө булганыч. Дарыя жана кеме жүрүүчү каналдар аркылуу Улуу көлдөрдүңала­бы, Ыйык Лаврентий д. аркылуу Атлантика океаны менен туташат. Дарыя кемелери Сент-Пол ш-на (3000 кмдей), деңиз кемелери Батон­Руж ш-на чейин каттайт. Мененин систамасында суу жолунун жалпы Узундугу 25 миң кмден ашык. Суу энергия ресурсуна бай. Маанилүү шаарлары жана порттору: Миннеаполис, Сент-Пол, Давен­порт, Сент-Луис, Мемфис, Батон-Руж, Жаңы Ор­леан.

Ад.: Муранов А. П. Величайшие реки мира. Л., 1968.