МИРБАДАЛАЕВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МИРБАДАЛАЕВА Адельма (1932-жылы туулган, Моск­ва) - түрк тилдүү элдердин фольклорун изил­дөөчү. Ломоносов атындагы ММУнун чыгыш бөлүмүн бүтүргөн (1965), түрк тилдүү элдердин фолькло­рун изилдөөгө арналган көптөгөн илимий эмгектер­дин автору. М. «СССР элдеринин эпостору» се­риясында түрк тилдүү элдин эпикалык чыгар­маларын изилдеп, которуп, басууга даярдоодо орчундуу салым кошкон. Ал Москвадагы «Нау­ка» басмасынын ушул сериядан «Манас» эпо­сунун эки (кыргыз жана орус) тилде даярдалган төрт томдугун жарыкка чыгарууга катышкан. М. 1984-90-ж. жарыкка чыккан эпостун үч то­мунун котормочуларынын, сөздүктөрүнүн, ком­ментарийлеринин авторлорунун бири жана жооп­туу редактору. Бул томдордо биринчи жолу С. Орозбаковдун варианты боюнча эпостун илимий котормосу жүзөгө ашырылган (Манастын төрөлгөнүнөн баштап өлгөнүнө чейин). Китеп­терде тарыхый этногр., географиялык, фольклордук мүнөздөгү илимий комментарийлерге орун берилген. 0. эле «Манас» эпосунун КР УИАнын Кол жаз­малар фондунда сакталып турган бардык ва­рианттарына баяндама берилген. Аталган том­дордо биринчи ирет башка варианттарындагы окуялардын тизмеси берилип, Сагымбай менен Саякбайдын варианттарына салыштырма баян­дама жасалган.