МИОКАРДДЫН ИНФАРКТЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МИОКАРДДЫН ИНФАРКТЫ - жүрөктүн айрым бөлүгүнө кандын аз келишинен же келбей калышынан жүрөк булчуңунда өлүү ткандардын (некроз) пайда болушу менен мүнөздөлгөн жүрөккан тамыр оорусу. Ал көбүнчө жүрөктүн таажы сымал артериясынын атеросклерозунда же тромб менен бүтөлүп калганда болот. Ошондой эле анын пайда болушуна гипертония оорусу, кант диабети, семирүү,_нерв-психикалык күч келүү, тамеки тартуу түрткү берет. Тромб пайда болушуна кан уютуучу факторлордун көбөйүшү, атеросклероз бүртүгүнөн кан тамырдын ички бетинин бодурланышы ж. б. себеп болот. Мында көбүнчө жүрөк же көкүрөк туш катуу ооруп, оору сол колго, сол далыга берилет, айрым учурда көкүрөк бүт ооруйт. Бул оору жүрөктүн сол карынчасында көп кездешет. Инфарктта некроз болгон ткандар акырындык менен тарап, 6-7 жумадан кийин анын ордуна бириктиргич ткань пайда болот. М. и. 40-65 жаштагы тамеки тарткан, семиз жана аз кыймылдаган кишилерде көп учурайт. Оорунун пайда болушуна ачуулануу, капалануу, акыл жана күч эмгеги менен ашыкча иштөө, ичкиликти көп ичүү ж. б. көмөк болот. Демейде М. и. стенокардиянын тез-тез кармашынан жана күчөшүнөн улам өөрчүп, нитроглицерин да таасир этпей калат. Кээде ич ооруп, дем кыстыгып башталат. Көпчүлүк учурда дене ысып, канда лейкоциттер көбөйөт. Оорунун өтүшү инфаркттын көлөмүнө жана кабылдоосуна байланыштуу. Дарылоодо медициналык тез жардам керек. Ооруканага тез жеткирип, кыймылдатпай жаткырып, кандын уюшун азайтуучу, жүрөк ишин жакшыртуучу, заара бөлүп чыгаруучу дарылар жана витаминдер берилет. Ооруканадан чыккандан кийин дарылоо көпкө улантылат. Эмгекке жөндөмдүүлүктү калыбына келтирүү жана М. и-нын кайра кайталанышын алдын алуу оорулуунун өзүн жакшы кароосуна байланыштуу. Инфаркт болгон адам врачка үзгүлтүксүз көрүнүп, ал белгилеген дарылоону жана күн тартибин так аткарып, бир катар эрежелерди сактоосу зарыл.