МИҢ-КУШ (кыштак): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МИҢ-КУШ, К а б а к - Нарын облусу Жумгал районундагы кыштак. 1953-жылдан 2012-жылы чейин шаарча. 1949-жылы негизделген. Кабак уран кенташын казып алууга байланыштуу пайда болгон. Жумгал р-нунун түштүк бөлүгүндөгү Миң-Куш кууш өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2120 м бийикте жайгашкан. Түндүгүнөн Кабак-Тоо, түштүгүнөн Молдо-Тоо кырка тоосу менен курчалган. Миң-Куш суусунун оң жээгинде (шаарчанын жана өрөөндүн аты ошондон). Рельефи тоолуу, жеринин бети батышты карай жантайып, адыр-күдүрлүү. Аймагы отун-энергетикалык, минерал-сырьё ресурстарына бай. Ошондой эле күрөң көмүр, кум, майда шагыл аралашмасы ж. б. бар. Республиканын борбору Бишкектен 400, облустун ббрбору Нарын ш-нан 300, райондун борбору Чаек кыш-нан 55 км түштүк-батышта. Балыкчы т. ж. бекетинен 220 км түштүк-батыш тарапта. Калкы 3,3 миң(2012); негизинен ө. ж-да, курулушта, транспорт жана байланышта, соодада, өндүрүш эмес чөйрөдө жана менчик чарбаларда эмгектенет. Миң-Куш «Оргтехника» АК, «Ак-Улак» көмүр разрези, нан заводу жана ЖЭБ, «Аманат» транспорт, «Назик» соода АКтары ж. б. иштейт.
Үч орто, балдардын музыкалык жана спорт мектептери, кесиптик-техникалык окуу жайы, китепкана, 4 бала бакча, маданият үйү, 2 клуб, стадион, оорукана (70 орундуу), поликлиника, дарыкана бар. Тез жардам бөлүмү, АТС, почта, соода мекемелери, тамактануу жайлары, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, базарчалар иштейт. М.-К. кыш-нда композитор М. Бегалиев туулган.
