МИҢ-ЖАР МӨҢГҮСҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МИҢ-ЖАР МӨҢГҮСҮ - Чоң Алай кырка тоосу­нун түндүк капталындагы төр тибиндеги мөңгү. Узундугу 8 км, аянты 10,2 км2. Кызыл-Суунун (ба­тыш) алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгээлинен 5850 м, этеги 3680 м бийикте жатат. Кар чеги­нин бийиктиги 4100 м, абляциясынын аянты 2,6 км2. «Тили» узун шынаа сымал кууш келип, фирн облусу көп камералуу жазы төрдө жатат. «Тилинин» учу морена чөкмөлөрү менен текши кап­талган. Мөңгүдөн Миң-Жар суусу башталып, Кызыл-Сууга сол тараптан куят.