МИНОМЁТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МИНОМЁТ - далдадагы душманды мина менен атууга жана анын талаа чептерин кыйратууга арналган жылмакай найлуу замбирек. М-тун негизги касиеттери - минасынын эң күчтүү жарылышы, аз убакыт ичинде бат-бат атылышы, жеңилдиги, жөнөкөйлүгү, атууга бат даяр болушу. Минасынын траекториясы бийик болгондуктан (найынын көтөрүлүү бурчу 45°тан 85°ка чейин), замбирек, мылтык, пулемёт аркылуу жок кылууга мүмкүн болбогон жерлерди М. менен талкалоого болот. Алгач М-ту орус аскерлери орусяпон согушунда (1904-05) Порт-Артурду коргоодо колдонгон. Азыркы М-тордун массасы 35тен 3600 кгга чейин, калибри 81ден 240 лгжге, миналардын салмагы Зтөн 130 тсгга, атуу чеги 2,5тен 10 миң л«ге жетет.