МИМИКРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска

МИМИКРИЯ (грекче mimetikos - окшошуу) - өсүмдүк менен жаныбардын түсүнүн, формасынын өзү жа­шаган чөйрөгө окшошуусу. М. табигый танда­луунун натыйжасында пайда болуп, жашоо үчун курөштө жаныбарлардын тиричилигине шарт түзөт. Жаныбарлар түсү, формасы айла­на-чөйрөгө же уулуу жаныбарларга окшошуп, душмандарынан коргонот. М-га чулдуктун жу­мурткасынын формасы жана түсү жээктеги май­да таштарга, кээ бир дёңиз жандыктарынын де­ңиз балырына, жырткыч жаныбардын айлана­чөйрөгө окшошуусу; ак көпөлөк желбей турган, жыты сасык өтө ачык түстөгү көпөлөккө ок­шошушу ж. б. кирет. Айрым жаныбарлар жа­шыл же кургаган жалбыракка абдан окшошуп, М-ны күчөтөт. Мисалы, кээ бир көпөлөктөр түшүп жаткан кургак жалбыракка окшоп, айланып учат. Өсүмдүктөрдүн М-сы пайдалуу жаныбарларды өзүнө тартуу же зыяндууларын коркутуу үчүн керек. Мисалы, нектары жок гүл сыртынан балдуу өсүмдүккө окшошуп, нектар издеп жүргөн аарылар аларды чаңдаштырып кетет. Кээ бир курт-кумурскалар менен азыктан-

Мимикрия: 1 - учуп жүргөн көпөлөк; 2 - конуп отур­ганы; 3 - жашыл бутакка окшош шиш дене; 4 - жа­шыл жалбырактай чегиртке; 5 - сөөмчүнүн эжеке бээсаасы; 6 - кадимки батачы; 7 жашыл коңуз; 8 - кургак бутакка окшош шиш дене; 9 - жашыл жалбыракка окшош бака; 10 - камыш арасындагы көл бука.

ган өсүмдүктөрдүн кармоо аппараттары ачык түстөгү гүлгө окшоп, жем болуучу чымын-чир­кейди өзүнө тартат. Орхидеянын гүлү, түсү, жыты кээ бир_чандаткыч чымын-чиркейдин ургаачысына окшош болгондуктан, алардын эр­кектери келип, гүлдү чаңдаштырат.