МИЛЛЕР Артур: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЙЛЛЕР Артур (17. 10. 1915, Нью-Йорк - 10. 2. 2005, Конектикут штаты, Роксбери) - америкалык драматург. «Коммивояжёрдун өлүмү» (1949) трагедиясында «кичине адамдын» үмүт, ишеним жана моралдык норма катары туткан «ийгилигинин» кыйрашын чагылдырат. «Катаал сыноо» (1953) аттуу элдик тарыхый хрониканын автору.

Экзистенциалисттик маанайдагы интеллектуалдык драмасында («Бул Вишиде болгон», 1965) дүйнөдөгү терс көрүнүштөр үчүн ар бир адамдын жоопкерчилиги көрсөтүлөт. «Дүйнөнүн жаралышы жана башка иштер» (1972) аттуу комедиясында адамдын күнөөлүүлүгү жана анын адеп-ахлакты тутууга кылган аракетинин ортосундагы ирониялык коллизия берилген. «Америкалык хронограф» (1980) ж. б. пьесалары бар.