МИКЛУХО-МАКЛАЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МИКЛУХО-МАКЛАЙ Николай Николаевич [5(17). 7. 1846, азыркы Новгород облусу, Боровичи р-ну, Рождественский кыщ, - 2(14). 4. 1888, Санкт-Петербург] - орус илимпозу, саякатчы, антрополог жана этнограф. 1863-жылы Петербург университетине кирген. 1864-жылы студенттик кыймылга катышкандыгы үчүн окуудан чыгарылган. Кийинчерээк Гейдельберг (1864), Лейпциг (1865) жана Йена (1866-68) университеттеринен табият таануу илимдери боюнча таалим

алган. 1869-жылы Орус география коомунун колдоосу аркылуу уруксат алып, «Витязь» кемесине түшүп, Жаңы Гвинеянын түндүк-чыгыш жээгине (азыркы Миклухо-Маклай жээги) сүзүп барып, анда 1870-80-жылдарда жашап, илимий иш менен алектенген. Канар а-на жана Мароккого (1866-67), Кызыл деңиз жээктерине (1869), Малайя архипелагына, Малакка ж. а-на саякат жасаган. Түштүк-Чыгыш Азиянын, Австралиянын, Тынч океандын аралдарындагы жергиликтүү элдердин антроплогиясына жана этнографиясына байланыштуу маселелерди изилдеген. Филиппинде, Индонезияда (1873), Микронезия менен Меланезиянын көптөгөн аралдйрында (1876, 1879) болгон. 1878-82, 1884-86-ж. Австралияда жашап, Сиднейге жакын жерде биол. станция ачкан. М.-М. этногр., антропол. изилдөөлөрдүн натыйжасында адам расалары бир тектеш жана өз ара туушкан келет деген идеяны жактаган. Меланезиялыктардын антропол. тибин алгачкылардан болуп толук сыпаттап жазган. Ал папуастардын жана Океания а-нын түштүк-чыгышында жашаган элдердин чарбасы менен маданияты жөнүндө баалуу эмгектер калтырган. Анын экспедицияларда жыйнаган бай коллекциясы Санкт-Петербургдагы Антропология жана этнография музейинде сакталуу. 1947-жылы РИАнын Этнография институтуна М.-М-дын ысмы берилген. Анын жол күндөлүктөрү 1923-жылы жарык көргөн.
Эмг.: Собр. соч.: В 6 т. М„ 1990-1999.
Ад.: На берегу Маклая. Этнографические очерки. М., 1975; Путилов Б. Н. Н. Н. Миклухо-Маклай: путешественник, ученый, гуманист. М., 1985; Тумаркин Д. Д. Белый папуас: Н. Н. Миклухо-Маклай на фоне эпохи. М„ 2011.