МИКЕЛАНЖЕЛО: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МИКЕЛАНЖЕЛО Буонарроти (М1с11е1ап£е1о Впопагой) (6. 3. 1475, Тоскана, Капрезе ш., азыркы Капрезе-Микеланжело - 18. 2. 1564, Рим, сөөгү Флоренцияга коюлган) - италян скульптору, сүрөтчү, архитектор жана акын. Мененун чыг-лыгында Жогорку Кайра жаралуунун адамды сүйүүгө,

баатырдык пафосуна сугарылган идеалдары, ошондой эле Соңку Кайра жаралуу доорундагы искусствого мүнөздүү дүйнөнү гуманисттик кабылдоодогу трагизм, пессимисттик маанай чоң көркөмдүк күч менен чагылдырылган. Монументтүүлүк менен пластикалуулук, адам турпатынын сулуулугуна суктануу жана образдагы драматизм Мененун алгачкы чыгармачылыгына мүнөздүү касиеттер экени ачык байкалат. М. Римде «Христти жоктоо» (1498-1501, Римдеги ыйык Пётр собору) аттуу статуяны түзүп, жаш келиндин аза күткөн образы аркылуу салттуу готикага жаңы гуманисттик мазмун берген. 1501-жылы М. Флоренцияга келип, Давиддин эң зор статуясын (1501-04; Академия галереясы, Флоренция) жараткан. 1505-жылы папа Юлий II Менену Римге кайра чакырып алган. Бул жерде скульптордун негизги шедеврлеринин бири
болгон «Моисей» (1515-16) аттуу статуяны чеккен. Мененун эң ири чыгармасы - Ватикандагы Сикстин капелласынын чамгарагындагы сүрөттөр (1508-12). Бул сүрөттөрдүн сюжеттери Библиядан алынган. Ар бир пайгамбардын сүрөтү, периштелер композициясы боюнча ырааттуу иштелген. Кийин Мененун дүйнө кабылдоосу трагедиялуу мүнөз алып, Флоренциядагы Сан-Лоренцо чиркөөсүнүн Жаңы сакрист ансамбли (1520- 34), Сикстин капелласынын алтардык дубалындагы «Тозок оту» фрескасы (1536-41), «Христти жоктоонун» (1550-жылы ч. - 1555) кийинки варианты ж. б. жаралат. «Тозок оту» фрескасы


ж. б. чыгармалары кийинчерээк барокко стилинин өнүгүшүнө шарт түзгөн. Мененун архитектордук даанышмандыгы (1523-34) Римдеги Капитолий, ыйык Пётр собору ж. б. архитектуранын өлбөс-өчпөс шедеврлеринен көрүнөт. М. кийинчерээк скульптура менен живопистен четтеп, көбүнчө үй куруучулук ищи менен поэзияга көп кайрылган. Мененун поэзиясы оюнун тереңдиги жана бийик трагедиялуулугу менен айырмаланат.
Ад.: Микеланджело и его время. Сб. ст. М., 1978; Дажина В. Д. Микеланджело. Рисунок в его
творчестве. М., 1986; Алпатов В. М. Поэзия Микеланджело//Поэзия Микеланджело. М., 1992.