МЕШХЕД: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска

МЕШХЕД - Ирандын түндүк-чыгышындагы шаар. Хорасан останынын администрациялык борбору. Кешефруд д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Калкы 2,1 миллион (2006). Жол тоому. Т. ж. станциясы. Тамак-аш (кант, тамеки ж. б.), текстиль, булгаары жана металл иштетүү ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токуу, асыл таш­тарды иштетүү) өнүккөн. Алгач 10-к-дан эске­рилет. Мусулман шейиттердин ыйык шаары. Университет бар. 12-19-к-дын архитектуралык ансамблдери,

Имам Реза мавзолейи.

мечит (Гаухаршад, 15-кылым), имам Резанын күмбөзү жана М-ге жакын жерде фарси жана тажик акы­ны Фирдоусинин мүрзөсү сакталган.