МЕТЕОРОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕТЕОРОЛОГИЯ (грекче meteora - атм. кубулуш жана ...логия) - атм. жана анда болуучу кубулуштарды изилдөөчү илим; геофизика илиминин бир тармагы. Атм-нын курамын жана түзүлүшүн, атм-дагы жана жер бетиндеги жылуулук алмашуу жана жылуулук режими, атм-дагы ным алмашуу менен суунун фаза боюнча алмашуусун, аба массаларынын кыймылын, атм-дагы электрдик, акустикалык, оптикалык кубулуштарды изилдейт. Теориялык ыкмалардын негизинде кубулуштардын өзгөрүшүн алдын ала эскертет. Өз ичинен климатология, аэрология, актинометрия, атмосфера оптикасы, атмосфералык электр жана акустика, физикалык метеорология, синоптикалык метеорология сыяктуу илимий тармактардан турат. Атм-да болуучу ири процесстерди (циклон, антициклон) маалымдайт. Авиациялык, а. ч., медициналык М. сыяктуу колдонмо түрлөрү да бар. Атм-га байкоо жүргүзүү иштери бийик тоолордо жүргүзүлүп, кийин (18-к-дын аягында) аэростаттын жардамы менен ишке ашырылган. 19-к-да өзү жазуучу аспаптар (учуучу шарлар, зонддор) колдонулган. 1930-жылы П. А. Молчанов атм-нын бийик катмарларынан радио аркылуу маалымат берүүчү радиозондду ойлоп тапкан. Атм-нын жалпы циркуляциясын, ным алмашуу процесстерин, кар катмарларын изилдөөдө орус климатологу жана географы Анын Ичинде Воейков зор салым кошкон. Азыркы кезде ар бир мамлекетте гидрометеорология кызматы иштейт. Бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө Буткул дуйнөлук метеорология уюму, Эл аралык метеорол. уюмдар жетекчилик кылат. Бишкек шаарында 1926-жылы М-лык бюро ишке киргизилип, кийин анын базасында гидрометеорол. кызмат башкармасы уюштурулган.
Ад.: Пономаренко П. Н„ Селоустьев А. В. Климат горного края. Ф., 1972; Кислов А. В. Климат в прошлом, настоящем и будущем. М., 2001; СеменченкоБ.А. Физическая метеорология. М., 2002.