МЕТЕОРИТТЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕТЕОРИТТЕР - Кун системасындагы майда планеталардын өз ара кагылышуусунда пайда болуп, Жерге түшкөн темир жана таш сыныктары; метеор тулкуларынын атм-рага киргенде, толук талкаланбай жер бетине түшкөн калдыктары. Жерге бир суткада түшкөн М. менен алардын чаңдары 10 тга жетет. М-дин салмагы гдын үлүшүнөн ондогон тга чейин жетет. Өтө кичине өлчөмдөгү М. микрометеориттер деп аталып, салмагы 8-12 гга жетет жана атм-га анча чоң эмес ылдамдык менен кирет. Мындай шартта да жалпы М-дин 25%и гана Жерге чейин жетет жана географиялык аймагына жараша ат берилет. Таш М-дин массасы 100 гдан 1500 гга жетип,
курамында 47% кычкылтек, 21% кремний, 16% темир, 14% магний жана 2% башка химиялык элементтер болот, ал эми темир М-дин өлчөмү бир канча гдан 20 миң гдан ашып, курамы 91% темир, 8% никель, 0,5% кобальт, жез, фосфор, күкүрт жана кремнийден турары аныкталган. Чоң М. Жер бетинде кратерлерди пайда кылат жана кагылышуудан талкаланат. М. астероид калдыктарынын орбитасы Жердики менен кесилишкен учурда келип түшөт. М-ди Жердин жасалма жандоочуларына орнотулган атайы приборлор гана каттайт.
Ад.: Додд Р. Т. Метеориты: Петрология и геохимия. М., 1986.