МЕТАЛЛ КЕСКИЧ АСПАП: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕТАЛЛ КЕСКИЧ АСПАП - тетик жасоо үчүн сом металлды кырып-жонуп, формасын жана өлчөмүн өзгөртүүчү өндүрүш куралы. М. к. а. станоктук жана кол менен иштетилме болуп бөлүнөт. М. к. а. кескичи, ченегичи бар жумушчу жана бекиткич бөлүктөрдөн турат. М. к. а-тын кесүүчү бөлүгү материалга матырылып, кесет (таарынды). Ал бир же көп мизден, таарынды алып кетме сайчадан, таарындыны сындыргычтан жана бириктиргичтерден ж. б. бөлүктөрдөн турат. Ченемдегич бөлүк кесүүчү бөлүктү курчутканда аны толуктайт, иштетилип жатканда багыттайт. Бекитүүчү бөлүк М. к. а-ты станокто белгилүү абалда бекитүүгө же аны кол менен кармап иштетүү үчүн керек. Технол. милде-
ти боюнча станок менен иштетилүүчү М. к. а-тар төмөнкүдөй айырмаланат: кескич, фреза, чойгуч (протяжка), көзөнөк иштетүүчү аспап (бургу, зенкер ж. б.), тиш чыгаргыч аспап, сай чыгаргыч аспаптар (белгилегич щёлочь, плашка) жана абразивдүү аспаптар. Кол менен иштетилме М. к. а-тарга кескич, араа, өгөө ж. б. кирет.
