МЕРЦБАХЕР КӨЛҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕРЦБАХЕР КӨЛҮ — Кан-Теңир тоо тоомунун батыш капталындагы бийик тоо көлү. Эңилчек өрөөнүнүн батышында, Түндүк Эңилчек мөңгүсүнүн этек бөлүгүндө жайгашкан. Узундугу 2-3 км, туурасы 1,1 км, аянты 4 км2, тереңдиги 60-70 м. Көл чанагы деңиз деңгээлинен 3304 м бийиктикте жатат. Көл сол капталдан түшкөн мөңгү менен тосулуп, андан омурулуп кулаган муз сыныктары (айсбергдер) көлдүн үстүндө калкып жүрөт. Август - сентябрда көл чанагы сууга толуп, мөңгү жарылганда Түштүк Эңилчек мөңгүсүнүн жаракалары аркылуу 5-7 күндүн ичинде суу агып кетип, көлдө майда чөөттөр гана калат. Кээ бир жайы салкын жылдарда көл чанагы сууга толбогондуктан, көлдөн суу агып чыкпай калган учур-

лар болот. Андан башталган суу Эңилчек суусуна куят. Жээктери муз менен чектелгендиктен, анын узундугу жана аянты өзгөрүп турат. Көлгө 1903-жылы немис саякатчысы Г. Мерцбахер келип, изилдеп кеткендиктен, анын ысмы берилген.