МЕРЕЦКОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕРЕЦКОВ Кирилл Афанасьевич [26. 5 (7. 6). 1897, Зарайск уезди, Рязань губерниясы (азыркы Москва обл., Зарайск району, Назарьев кыш. - 30. 12. 1968, Москва] - Советтик Союз. Маршалы (1944), Советтик

Союз. Баатыры (1940). 1918-жылдан Кызыл Армияда. 1918-20-ж. жарандык согушка катышкан. Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясынын аскер академиясын бүткөн (1921). Москва, Беларуссия аскер округдарынын, Кызыл Туулуу Ыраакы Чыгыш өзгөчө армиясынын штабдарынын начальниги, Приволжье жана Ленинград аскер округдарын башкарган. Генштаб начальнигинин орун басары. 1936-37-ж. Испаниядагы жарандык согушка катышкан. 1939- 40-ж. Совет-финн согушунда 7-армиянын командачысы. 1940-жылы августтан Генштаб начальниги, 1941-жылы СССР Коргоо эл комиссарынын орун
басары. Улуу Ата Мекендик согуштун башында 7-, 4-, 33-армиялардын командачысы катары Тихвин жанында фашисттик аскерлерди талкалоого кол башчылык кылган. 1941-44-ж. Волхов, 1944-жылы Карель фронтторунун, 1945-жылдын апрелинен Приморье аскер тобунун, 1945- жылдан Биринчи Ыраакы Чыгыш фронтунун командачысы. Манжурияда жана Түндүк Кореяда япон аскерлерин талкалашкан. Согуштан кийин Приморье, Москва, Беларуссия жана Түндүк аскер округдарынын командачысы. 1955-64-ж. СССРкоргоо министрлигинде жооптуу кызматтарда. СССР Жогорку Советинин (1-5-шайл.) депутаты. Жети Ленин, «Жеңиш», Октябрь Революциясы, 4 Кызыл Туу, эки I даражадагы Суворов, I даражадагы Куmysов ордендери, медалдар жана чет элдик ордендер, медалдар менен сыйланган. Сөөгү Кызыл Аянттагы Кремль дубалына коюлган.