МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ - мамлекеттик (муниципиалдык) менчикти жеке менчикке же башка түргө өткөрүү формасы; кыймылсыз мүлк, жер, табигый ре­сурстар, өндүрүш каражаттары ж. б. мүлктөрдү мамлекеттин эсебинен жеке адамдарга, фирма­га, АКтын менчигине өткөрүү иш-чаралары. Ал мамлекеттик менчикти сатуу $<. б. жолдор менен ишке ашып, мамлекеттик бюджетке ири суммадагы акча түшөт. Ал каражат социалдык ж. б. маселелер­ди чечүүгө жумшалат. М. масштабы боюнча эконо­миканын ишкердүү чөйрөсү, менчик түрү ж. б. болуп бөлүнөт. Кыргызстанда М. 1991-жылы баштал­ган. Ал башында атайын мамлекеттик купондор ар­кылуу жүргөн. М-гө ишканалар, кыймылсыз мүлктөр ж. б. мамлекеттик объектилер дуушар бол­гон. Кыргызстанда мамлекеттик ишканалардын 72,6% и мен­чиктештирилген (2008).