МЕНИНГИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕНИНГИТ (грекче meninx - мээ кабыгы) - мээ жана жүлүн кабыгынын сезгениши. М-ти вирус­тар, бактериялар, туберкулёз таякчасы ж. б. козгойт. Ошондой эле травманын натыйжасында же организмде ириңдеген жерден инфекция тара­ганда пайда болот. Көбүнчө балдар ооруйт. М. би­ринчилик жана экинчилик болуп айырмаланат. Биринчилик түрүндө организмге кирген козго­гуч түздөн-түз мээ кабыгын жабыркатат. Көбүнчө оорулуудан же козгогуч алып жүрүүчүдөн жөтөл­гөндө, чүчкүргөндө, өбүшкөндө жугат. Козгогуч жуккандан кийин 1-4 күнгө чейин билинбейт (жашыруун мезгил). Оору капысынан катуу башталат, эти ысып (39-40°), башы ооруп, ку­сат. Жарыкты көргүсү келбейт, ызы-чууну сүйбөйт, кежигеси, буттары тартылат, өңү бо­зоруп, эриндери көгөрөт, тез-тез дем алат, суу­сайт. Жаш балдар эмчек эмбей, чыргоолонуп ыйлайт, кусат. Жалпы абалы начарлап, алы кетет, аң-сезими тумандайт. Экинчилик М. ор­тонку кулактын, мурундун кошумча коңулда­рынын ириндүү сезгенүүлөрүндө, жугуштуу оору­лардын (грипп, кызылча, туберкулёз, котон жара ж. б.) кабылдашынан болот. Мында оору акырындап башталат. Мисалы, туберкулёз оору­сунда М-тин башталышында жалпы абал на­чарлайт, баш ооруйт, ал кетет, дене бир аз ысыйт. Убагында диагноз коюп, дарылоо жүр­гүзбөсө, жогорудагы М-тин оор белгилери баш­талат. Менингококк козгогон М-те денеде кы­зыл бүдүр, темгилдер пайда болот. Дарылоо оору­канада жүргүзүлөт, антибиопгиктер, сеп алдыр­ма дарылар, витаминдер берилет. Ооруканада диагноз коюу жана дарылоо максатында жүлүн суюктугу алынат. Оорулуунун диагнозу канча­лык эрте коюлуп, дарылоо эрте башталса, ошон­чолук оорулуу тез сакаят. Айрым учурда оору узакка созулуп, түрдүү кабылдоолорго (баш оору, чалыр көз, дүлөй, талма ж. б.) дуушар кылат. Ооруп айыккандан кийин 2-3 айга чейин оору­луу алсыз болуп, тез чарчайт.