«МЕНДИРМАН»: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
«МЕНДИРМАН» - кыргыз элинин социалдыктурмуштук дастаны. «М-дын» үч варианты бар. Биринчи варианты 1918-39-ж. Шапак Рысмендеевден жазылып алынып, 1941-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. Экинчи вариантын 1941-жылы Ы. Абдырахманов Кайдуу деген карыядан жазып алган. «М-дын» үчүнчү вариантын Тоголок Молдо жазып тапшырган. Аталган варианттардан мазмундуу, кызык окуялуусу, чебер айтылганы - Шапак Рысмендеевдин варианты. Дастанда баш каарман Мендирмандын атасы өлгөндөн кийин аталаш бир туугандарынан көргөн кордугу, ошондон башка элге качып кеткени, айткан сөзү, аткарган иши менен ал элге, каны Адылга жакканы үчүн Адыл кандыгын бергени, кийин түмөн кол менен өз элине кайрылып келип, арып-ачкан элин чогултуп, турмушун оңоп, калмактардын үстөмдүгүн жойгону жөнүндөгү окуялар баяндалат. Фольклордук туруктуу салт боюнча «М-да» да ак жеңет, чындык, ак ниеттик, эрдик, калыстык даңазаланып, оң каарман Мендирман жеңишке жетет. «М.» дастанындагы окуяларды айрым фольклорчулар 16-17-к-га таандык деп болжолдошот.
Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973; Кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., Б., 2004.