МЕНДЕЛЬСОН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕНДЕЛЬСОН, Мендельсон-Бартольд и, Якоб Людвих Феликс (3. 2. 1809, Гамбург - 4. 11. 1847, Лейпциг) - немис композитору, дирижёр, органчы. Композиция боюнча билим алган. 1835-жылы Лейпцигде Гевандхауз концерттерине жетекчилик кылган жана

Лейпциг мектебине негиз салган. 1843-жылы анын демилгеси менен Германияда туңгуч (Лейпциг) консерватория ачылган. М. ар түрдүү жанрда иштеген: «Жайкы түндөгү түш» (1826), «Рюи Блаз» (1839) ж. б. увертюралары, «Италян», «Шотланд» симфониялары, скрипка жана оркестр үчүн концерт (1844), фортепьяно үчүн эки концерт (1831, 1837), «Павел» (1836) ораториясы ж. б. 1874-77-ж. Лейпцигде М-дун чыгармаларынын толук жыйнагы (36 т.) басылып чыккан.
Ад.: Ворбс Г. X. Мендельсон-Бартольди... М., 1966; Мейлих Е. И. Ф. Мендельсон-Бартольди. Л., 1973.