МЕМФИС: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕМФИС - АКШнын чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Теннеси штатынын түштүк-батышында. Миссисипи д-нын оң өйүзүндө жайгашкан. Калкы 663,0 миң [2010; калкынын негизин америкалык африкалыктар түзөт (60%), шаар агломерациясында 1,3 миллион]. Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту (жүк ташуу боюнча дүйнөдө 1-орунда; 2010-жылы 3,9 миллион т) бар. Дарыя порту. 1682-жылы негизделген. 1826-жылдан шаар статусуна ээ. Архитектуралык эстеликтеринен Хант-Фелановдордун үйү (1828), викториан стилиндеги курулуштар сакталган. Шаардын ишкер бөлүгүндө, Миссисипи д-нын жээгинде египет пирамидасы формасында айнектен салынган үстү жабык спорт майданы (1991, бийиктиги 98 м, 20 миңден ашык орундуу), кафе, ресторан ж. б. эстеликтер бар. Шаарда банктардын штаб-квартиралары, кеңселери жайгашкан. Тамак-аш (соя, эт, а. ч. азыктары), химиялык (анын ичинде шина өндүрүшү), машина куруу [пахта жыйноочу, медициналык жабдуулар (негизинен ортопедия)], электр-техникалык, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, металл иштетүү ө. ж. ишканалары иштейт. М-да 40тан ашык илимий борборлор (анын ичинде илим жана ден соолук борбору), бир нече ө. ж. компаниялары (анын ичинде фармацевтика, химиялык, медициналык жабдуулар өндүрүшү), агрономия изилдөө борбору ж. б. жайгашкан. Университет, мамлекеттик техникалык институт, бир нече коллеж, калк
китепканалары, музейлер, АКШдагы 19-к-ы кытай исквосунун, коллекциясы, театрлар [анын ичинде опера, «Орфеум» (1890), «Тиэтр Мемфис» (1921), импровизация (2003)], Э. Преслинин «Грейсленд» музей-чарбагы (1982; жылына 600 миңден ашык киши келет) бар. Зоопарк, ботаникалык бак уюштурулган. Жыл сайын пахта карнавалы (июнда), барбекю даярдоо боюнча дүйнөнүн биринчилиги (майда), искусство фестивалы (сентябрда) өткөрүлүп турат.