МЕЛҮҮН АЛКАКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕЛҮҮН АЛКАКТАР - Жердин географиялык алкакта­ры; түндүк кендиктин 40-65°, түштүк кеңдиктин 42- 58°тарынын аралыктарында жайгашкан. Түндүк жарым шарда субтропик жана субарктика, Түштүк жарым шарда субтропик жана субантарктика алкактарынын аралыктарында, жер бетинин */4ге жакын аянтын ээлейт. Термиялык режим­дин сезондуулугу даана байкалып, кышы уза­гыраак созулгандыктан, табигый процесстердин мезгилдүүлүгүнө шарт түзүлөт. Аймагынын ке­нендиги жана жылуулук менен нымдуулуктун се­зон боюнча өзгөрүүсү анын ландшафтынын өтө ар түрдүүлүгүн пайда кылат. Бул өзгөчөлүк айрыкча Түндүк жарым шардын кургактыгына мүнөздүү. М. а. төмөнкү зоналарды камтыйт: океан шал­баасы, токой, токойлуу талаа, талаа, жарым чөл жана чөл зоналары. Тоолоруна бийиктик ал­кактуулук мүнөздүү. Зор аймакты (негизинен Си­бирди) көп жылдык тоң ээлейт; андагы күлдүү топуракта ийне жалбырактуу токой өсөт. Океан­дарга жылдык температурасынын, mysдуулугунун өтө өзгөрүлмөлүүлүгү, органикалык тиричиликке бай экендиги мүнөздүү. Кыргызстандын түндүк бөлүгү Түндүк жарым шардын чөл зонасында жайгашкан. Бирок анын аймагы тоолуу болгондуктан, ага ландшафттын бийиктик алкактуулугу мү­нөздүү.