МЕЛОДРАМА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕЛОДРАМА (мело... жана драма) - 1) драматургия жанры; ыйман тазалыгы менен кара өзгөйлүктүн күрөшүн курч сүрөттөгөн, эмоцияга жык, интригалуу пьеса. 18-к-дын 90-жылдары Францияда пайда болгон. Негиздөөчүсү - Р. Ш. Тиксерекур. 1830-40-ж. гүлдөө чегине жеткен. Мененын мыкты үлгүлөрү (Ж. М. Монвель, Э. Сувестр ж. б-дын пьесалары) социалдык калыссыздыкка, диний фанатизмге каршы чыгып,
элдин жакырчылыгын жана укуксуздугун айгинелеген. Демократиялуулугу жана оюн-зоок көрүнүштөрү Мененын Европа театрында негизги орунду ээлешин камсыз кылат. Россияда М. 19- к-дын 20-жылдарында пайда болгон (Н. В. Кукольник, Н. А. Полевой ж. б. жазуучулардын пьесалары). Мененын элементтери азыркы кездеги кээ бир драматургдардын (А. Н. Арбузов, А. Д. Салынский ж. б.) чыгармаларында да бар; 2) кейипкердин монологу же диалогу музыка менен коштолгон музыкалык-драмалык чыгарма.
Ад.: Вознесенская Т. И. Литературно-драматический жанр мелодрамы. М., 1996.