МЕКТЕП ТААНУУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕКТЕП ТААНУУ — педагогиканын мектеп иштерин башкаруу маселелерин иликтөөчү бөлүгу. М. т-нун мазмунун төмөнкү маселелер түзөт: мектепти башкаруунун негизги принциптери; мектептерди администрациялык-педагогикалык жаначарбалык жактан жетектөө (жалпыга милдеттүү таалимди уюштуруу); жалпы мектеп типтерин түзүү жана жакшыртуу; мектеп имараттарын курууда педагогикалык талап коюу; мектептерди финансылоо, жабдуу; окуу-тарбия ишин башкаруу; мугалимдерге методикалык жардам уюштуруу, мектеп ишинин статистикасы ж. б. у. с. М. т-да өткөн мезгилдеги белгилүү педагогдордун (мисалы, К. Д. Ушинский, Н. И. Пирогов, Н. А. Корф, М. X. Вессель, Н. Ф. Бунаков, Н. К. Крупская, А. В. Луначарский) илимий эмгектериндеги баалуу ой-пикирлерине, педагогдордун теориялык жактан жалпыланган илимий практикалык иш-аракеттерине жана мектептик башкаруунун зор тажрыйбасынатаянат. М. т-да А. С. Макаренконун мурастары бөтөнчө мааниге ээ. Кыргызстанда М. т. боюнча илимий изилдөө иштери Кыргыз билим берүү академиясында, педагогикалык ЖОЖдордо жүргүзүлөт. М. т-нун өнүгүшүнө К. Тыныстанов, И. Ибраев, С. Нааматов, А. Каниметов, Э. Бердибаев ж. б. илимпоздор салым кошкон.