МЕЙМАНКАНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕЙМАНКАНА, конок үйү - калктуу конуштарда адамдар убактылуу жашаган мүлк комплекси, мекеме. Ал түрдүү (мотель, отелъ ж. б.) кызмат аткарат. Алгачкы М-лар байыркы мезгилде пайда болуп, ири соода жолдорунда (мисалы, Улуу Жибек жолундагы Таш-Рабат кербен сарайы), диний зыярат жайларында (Меке, Рим ж. б.) жол тоомдорунда салынган. Коомдун өнүгүшү менен жер кезерлер менен саякатчылардын көбөйүшүнөн М-га кардарлар кескин өскөн. Мунун натыйжасында бүгүнкү күндүн талабына ылайык ар кандай тейлөө кызматы (эмереги менен өзүнчө бөлмө, коридор, жалпы холл, ресторан, бассейн ж. б.) бар. М-лар (отелдер) пайда болгон. Алар кардарларды тартуу үчүн ар кандай шарттары бар жылдыз белгилери (1ден 5ке чейин) менен белгиленип бөлүнөт. Кыргызстанда 5 жылдыздуу эң жогорку тейлөөсү менен «Хаят», «Ак-Кеме» ж. б. М-лар бар.