МЕЙКИНДИК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска

МЕЙКИНДИК матем-атикада­кандай- дыр бир констр. түзүүлөр аткарыла турган чөйрө катары пайдаланылуучу, логикалык ой жүгүр­түү менен алынган форма (структура). Мисалы, эле­ментардык геометрияда М. же тегиздик ар кан­дай фигура түзүлө турган чөйрө болуп эсепте­лет. Көпчүлүк учурда М-те формалык касиетте­ри жагынан кадимки М. катышына окшош ка­тыштар белгиленет (чекиттердин ортосундагы аралык, фигуралардын барабардыгы ж. б.). Мындай М-тер логикалык ой жүгүртүүдөн ке­лип чыккан М.-окшоштук формалары болушат. Эң алгачкы М. - үч өлчөмдүү Евклид мейкиндиги болгон, ал реалдуу М-тин жакындатылган абс­тракттуу образын түзгөн. Алгач М. түшүнүгү математикага 19-к-дын 1-жарымында (1854) Б. Риман киргизген. Ал Лобачевский жана Ев­клид М-тери болгон. Ал улам ар кандай тар­макта жалпыланып, корутундуланып, такта­лып вектордук мейкиндик, гильберт мейкин­диги, риман мейкиндиги, топология мейкинди­ги түзүлгөн. Азыркы математикада М. анын че­киттери деп аталган кандайдыр бир объекти­лердин көптүгү (мисалы, геометриялык фигуралар физикалык сис­теманын абалы ж. б.) катары аныкталат.