МЕЗОДЕРМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска

МЕЗОДЕРМА (мезо... жана грекче derma - тери) - көп клеткалуу жаныбарлардын (былпылдактар жана ичеги көңдөйлүүлөрдөн башка) жана адам­дын түйүлдүктөрүнүн ортонку катмары. Экто­дерма менен энтодерманын ортосунан орун алган. Жаныбарлардын ар түрдүү топторунда ар баш­ка жолдор менен пайда болот. Жалпак куртта жана немертинде М-нын тилкеси ички органдар­дын арасын толтуруп турган бириктиргич ткан­ды пайда кылат; муунак куртта жана көпчүлүк башка омурткасыз жаныбарда М-дан экинчи дене көндөй - целом өөрчүйт. Целомдон дене­нин булчуңдары жана бөлүп чыгаруу органдары пайда болот.