МЕДИЦИНАЛЫК ГЕОГРАФИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МЕДИЦИНАЛЫК ГЕОГРАФИЯ - медицина менен географиянын калктын саламаттыгына оң же терс таасирин тийгизүүчү табигый жана социалдык-экономикалык факторлор менен географиялык чөйрөнүн шарттарын изилдеген тармагы; ал ошондой эле адамдын ооруларынын таралуу закон ченемдерин да иликтейт (нозогеография). М. г-нын негизги изилдөө ыкмалары: медицина-географиялык картага түшүрүү жана райондоштуруу, математикалык моделдерди түзүү.
Ад.: Малгазова С. М. Медико-географический анализ территорий: картографирование, оценка, прогноз. М., 2001. - -