МЕДИЦИНА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕДИЦИНА (латынча medicina; medeor - дарылайм, айыктырам) - адамдын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, ооруларды алдын алуу, дарылоо максатын көздөгөн практикалык чаралар жана илимий тармак. М. тарыхый узак өнүгүштүн натый­жасында калыптанган. Анын өнүгүү деңгээли, мазмуну, абалы турмуштун материалдык шар­тына, социалдык-экономикалык түзүлүшкө, маданияттын жалпы деңгээлине, илим менен техниканын же­тишкендигине байланыштуу. М. биология, фи­зика, химия илимдери менен тыгыз байланышта. Ал илимий комплекс катары медициналык-биол. клиника­лык, медициналык-социалдык жана гигиеналык тармак­тардан турат. Медициналык-биол. тармагына анатомия, гистология, цитология, физиология, фармако­логия, микробиология, медициналык генетика ж. б. ки­рет. Клиникалык тармагы - терапия, педиат­рия, фтизиатрия, урология, психиатрия, дер­матология жана венерология, медициналык радиология жана рентгенология, акушерлик жана гинеколо­гия, хирургия, травматология жана ортопедия, нейрохирургия жана онкология, офтальмология ж. б. Медициналык-социалдык жана гигиеналык тармагы чөйрөнүн организмге тийгизген таасирин, калк­тын саламаттыгын сактоо чараларын изилдейт. Табыптык кылуу адамдын алгачкы жашоо мез­гилинде эле пайда болгон. Көп жылдар бою бай­коолордун жана тажрыйбалардын негизинде ке­лип чыккан элдик Мененын дарылоо ыкмалары муундан муунга сакталып келген. Алдын алуу жана дарылоо табигый факторлордун, өсүмдүк жана жаныбарлардан алынган дарыларга чоң маа­ни берилген. Байыркы грек врачы Гиппократ оорулардын пайда болуу себептерин жазып, аларга диагноз коюуда, дарылоого чоң салым кошкон. Байыркы Рим врачы К. Гален анато­мия, физиология, патология, терапия, акушер­лик, гигиена, фармакология боюнча маалыматтар­ды жалпылап, Мененын илимий системасын түзүүгө аракеттенген. Мененын өнүгүшүнө Ибн-Сина (Ави­ценна) да көп салым кошкон. Анын «Врачтык илимдин канону» аттуу эмгеги медициналык билимдер­дин энциклопедиялык жыйындысы болгон. Кайра жаралуу доорунда А. Везалий өлүктү союп көрүп, дененин түзүлүшүн жана функциясын сы­паттап жазган. Англ. врач У. Гарвей кан жөнүн­дө окууну ачкан. Фр. врач А. Паре хирургияга алгачкы илимий негиз салган. Клиникалык байкоо­лорду, өлгөндөн кийин аны союп, салыштыруу методун колдонуу патал. анатомия жана гисто­логиянын калыптанышына алып келген. Не­мис илимпозу Г. Гельмгольц көрүү органынын физиологиясы боюнча эмгегин жазган жана офталь­мология илими өнүккөн. Россияда И. М. Сече­новдун «Мээнин рефлекстери» аттуу эмгеги, С. П. Боткиндин ички оорулардын клиникасы­на негиз салышы ж. б. орус терапиясынын даң­кын чыгарган. 19-к-дын 2-жарымында Мененын жаңы илимий-практикалык тармактары пайда болгон, мисалы, педиатрия, невропатология, пси­хиатрия ж. б. Дарылоо М-сы менен катар алдын алуу да өнүгө баштаган. Англ. врач Э. Женнер чечекке каршы вакцинаны ачкан. Австр. врач И. Земмельвейс төрөттөн кийинки сепсистин себебин таап, дезинфекция методун сунуш кыл­ган. Л. Пастер жугуштуу ооруларды микробдор пайда кыларын далилдеген. Орус окумуштуусу Д. И. Ивановский вирусологияга, рентген ну­рунун ачылышы рентген-диагностикага негиз салган. И. И. Мечников организмдин инфек­цияга туруктуулугун - иммунитетти ачкан.

Голландиялык физиолог В. Эйнтховендин, орус физиоло­гу Н. Ф. Самойловдун жүргүзгөн иштеринен ки­йин жүрөк ооруларын аныктоо үчүн электр кар­диография киргизилген. Техникалык прогресстин на­тыйжасында Мененын жаңы тармактары пайда болду. Мисалы, авиация жана космос М-сы. Орга­низмдин тукум куугучтугу жана өзгөргөчтүгүнүн закондору жөнүндөгү генетика илими пайда бол­ду. Генетикалык код ачылгандан кийин тукум куума оорулардын себептерин табууга жана медициналык генетиканын өнүгүшүнө мүмкүнчүлүк түзүл­гөн. 19-к-да фр. окумуштуу Ш. Броун-Секар ж. б-дын ички секреция бездери жөнүндөгү окуусу эндокринология илими болуп калыптанган. 1921-жылы канадалык физиологдор Бантин менен Бестин инсулинди ачып, кант диабетин дары­лоого мүмкүндүк түзүлгөн. Алдын алуу жана да­рылоонун маанилүү жолдорунун бири диспан­серлөө болуп эсептелет. Мененын өнүгүшүнө орус патологдору Н. Н. Аничков, Анын Ичинде Абрикосов ж. б., физиологдор И. П. Павлов, П. К. Анохин ж. б. чоң салым кошушкан. Ички оорулар кли­никасы боюнча В. П. Образцов, Н. Д. Старжеско, Г. Ф. Ланг ж. б. журөк инфаркты, стенокар­дия, кан айлануунун жетишсиздиги, кант диа­бети, кан оорулары ж. б-ды ийгиликтүү изил­дешкен. Хирургия ар тараптан өнүгүп, аскер­талаа хирургиясы, кырсыктын көбөйүшү менен травматология, ортопедия, нейрохирургия, урология ж. б. өнүктү. Кардиохирургиянын ка­лыптанышы Н. Н. Бакулев, Г. В. Петровский, Н. А. Вишневский, И. К. Ахунбаев, С. Жоши­баев ж. б. хирургдардын ысмы менен байланыш­туу. 20-к-дын башында онкология илими өнүгүп, ага Н. Н. Петров, П. А. Герцен негиз салган. Азыркы Мененын алдында жүрөк-кан тамыр оору­ларын, зыяндуу шишиктерди алдын алуу жана дарылоону изилдөө, вирустардын молекулалык биоло­гиясын, вирус инфекциясын, иммунология ж. б. андан ары изилдөө проблемалары турат. Кыргызстанда медицина илими медициналык атайын илимий меке­мелердин, айрыкча КММИнин ачылышы (1939, азыр КММА) менен байланыштуу. Климаттык географиялык шарттардын өзгөчөлүгү ысык булактар­дын, дары баткактардын көптүгү, санаторий-ку­рорттук дарылоонун өнүгүшүн шарттады. 1950- жылдары жүрөк-кан тамыр системасынын фи­зиологиясы жана патологиясы боюнча изилдөөлөр башталган. Бийик тоолуу р-ндордо жашаган­дардын жүрөк-кан тамыр системасынын иштөө өзгөчөлүгүн аныктоо, дарылоо жана гипертония оорусу тоодо жашагандарда аз жолугары анык­талган. 1977-жылы М. М. Миррахимов жетектеген Кыргызстан кардиология ИИИ (азыркы Улут­тук кардиология жана терапия борбору) ачы­лып, анда жүрөк-кан тамыр ооруларын дары­лоо, алдын алуу методдорун иштеп чыгуу боюнча илимий изиздөө иштерин жүргүзүлөт. Респ-да рев­матизмдин клиникасы жана таралыш өзгөчөлүк­төрүн түшүндүрүү ревматологиянын калыпта­нышына өбөлгө түзгөн. Эндокринология пробле­маларын И. К. Ахунбаев, Ү. Байзаков, И. Т. Ка­люжный ж. б. изилдешкен. Эндемиялык богок­тун таралышы йод менен алдын алуу иштерин жүргүзүү менен төмөндөгөн. Хирургия боюнча илимий ба­гыттардын ичинен богок бездерин (И. К. Ахун­баев ж. б.), өт жолдорунун таш оорусун (М. Ма­макеев, 3. Игембердиев), карын жана он эки эли ичегинин жарасын (К. Рыскулова, Э. X. Акра­мов ж. б.) дарылоо кеңири белгилүү. Жүрөк-кан тамыр хирургиясын өнүктүрүүдө И. К. Ахунбаев­дин жана анын шакирттеринин (С. Жошибаев, Н. Н. Маралов, Ү. Байзаков, М. Намазбеков) эмгеги зор. Нейрохирургия боюнча М. Мамытов, хирургиялык-ортопедия боюнча С. А. Жумабеков уни­калдуу операцияларды жасап, М. илимине чоң салымдарын кошууда.

Ад.: Популярная медицинская энциклопедия. М. 1979; Ден соолук. Медициналык энциклопедия. Ф. 1991; Сорокина Т. С. История медицины. 9-е изд. М., 2009. Б. Бегалиева.