МЕДЕТБЕКОВ Капар: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска
МЕДЕТБЕКОВ Капар (11. 12. 1931, азыркы Талас обл., Кара-Буура району, Шекер кыш. - 25. 6. 2012, Бишкек) - актёр, Кыргыз ССР эл арт. (1973), СССР эл арт. (1991). 1955-жылы Ташкенттеги А. Н. Островский атындагы Театр-көркөм институтунун актёрлук

факультетин бүтүргөн. 1955-62-жылы Туулган Сатылганов атындагы Жалал-Абад драма театрында, 1962-жылдан М. Рыскулов атындагы Нарын обл. музыкалык театрында 1993- жылдан Бишкек ш-ндагы Жаштар театрында иштеген. М. кеңири масштабдуу драмалык, комедиялык образдарды бирдей аткарып, каармандарга психол. мүнөздөмө бере билген актёр. Негизги ролдору: Курманбек («Курманбек»), Чокмор («Чокмор»), Каныбек («Каныбек», үчөө тең К. Жантөшевдики), Вожак (В. Вишневский, «Оптимисттик трагедия»), Отелло (У. Шекспир, «Отелло»), Ашыр-
бай (Т. Абдымомунов, «Ашырбай») ж. б. Режиссёр катары К. Эшмамбетовдун «Эгиздер», Э. Токтогуловдун «Тоо балладасы» ж. б. спектаклдерди койгон. «Айсулуунун талаасы», «Биринчи», «Ташка баткан элестер» кинофильмдерине тартылган. М. Рыскулов атындагы сыйл. лауреаты. III даражадагы Манас ордени жана меДалдар менен сыйланган.
