МЕДВЕДЕВ Дмитрий Анатольевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска

МЕДВЕДЕВ Дмитрий Анатольевич (14. 9. 1965- жылы туулган, Ленинград) - Россиянын мамлекеттик жана сая­сий ишмери, РФтин президенти (2008-12). Юри­дика илимдеринин кандидаты (1990). РФтин 1-класс­тагымамл. кеңешчиси(2000). 1987-жылы Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1988-99-ж. ЛМУда окутуу­чу, 1999-2000-жылы РФ Өкмө­түнүн аппарат жетекчиси­нин орун басары, РФ прези­дентинин администрация башчысынын орун басары, 2000-жылдан 1-орун басары, ошол эле мезгилде «Газ­пром» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы (2000-

01, 2002-08; 2001-02-ж. директорлор кеңеши­нин төрагасынын орун басары), 2003-05-ж. РФ президентинин администрация башчысы, 2005- 08-ж. РФ Өкмөтүнүн төрагасынын 1-орун баса­ры, 2012-жылдан РФ Өкмөтүнүн төрагасы (премьер-министри). Ленинград шаардык сове­тинин төрагасынын (А. Собчактын) кеңешчиси (1990-95). РФтин Коопсуздук кеңешинин мучөсү (2003). РФ президентине караштуу Артык­чылыктуу улуттук долбоорду жана демография саясатын ишке ашыруу

боюнча кеңештин прези­диумунун төрагасынын 1-орун басары, төрага­сы (2005-08). Санкт-Петербург мамлекеттик, Дүйнөлүк экономика жана дипломатия, Баку, «Коре» (Ко­рея) университеттеринин ардактуу доктору. 2007-жылы анын жетекчилиги менен Россияда мектептерди (59 миң) интернетке кошуу долбоору аяктаган. 2008-жылы күзүндө дүйнөнү финансы кризиси кап­таган шартта М. экономиканы модернизация­лоо (Москвада эл аралык финансы борборун ачуу, жеке ишкерлерди колдоо үчүн инвестициялоо шартын жеңилдетүү, ипотекалык кредитке бай­ланыштуу, камсыздандыруунун учурга ылайык моделин өнүктүрүү, менчик укугун коргоо боюнча майнаптуу соттук коргоо чараларын ишке ашы­руу, аскердик, социалдык ж. б. реформалар) де­милгеси менен чыгып, өлкөнү дүйнөлүк финансы­лык кризистин апаатынан сактап калган. «Фе­мида» эл аралык сыйл. лауреаты (2007). «Жа­рандык укук» үч томдугунун автору.