МЕГАЛОПОЛИС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МЕГАЛОПОЛИС (грекче megalou - чоң, ири жана polis - шаар) - бир нече шаарлардын бир ай­макка топтолушу; көп сандаган кошуна шаар агломерацияларынын биригишинен пайда бо­лот. М. байыркы грек шаары Мегалополдун (35 тургун жай бириккен) атынан аталган. Бул тер­мин француз окумуштуусу Ж. Готман тарабы­нан 1957-жылы сунушталган. АКШнын Атланти­ка жээгиндеги Бостон менен Вашингтондун ара­лыгы, Хонсю а-нын Тынч океан жак жээгинде­ги Токиодон Осакага чейинки (Япония), Төмөн­кү жана Ортонку Рейн аймактары (Нидерланд - Германия), Лондондон Ливерпулга чейин (Улуу Британия), Калифорниянын Тынч океан жак жээги (АКШ; Сан-Францискодон Сан-Диегого чейин Сан-Сан деп аталат), Улуу көлдөрдүн (АКШ - Канада) аймагында ж. б. жерлерде М-тер пайда болууда.