МАШИНА ТИЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
vol5_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска

МАШИНА ТИЛИ компьютерде — мазмуну менен эрежелерин ЭЭМдин аппараттык каражат­тары ишке ашыруучу программалоонун формал­дуу тили. М. т. менен түзүлгөн программада ар бир операцияны аткаруучу белгилүү толук буй­рук (команда) бар. Кээде М. т. ЭЭМдин буйрук­тар (командалар) системасы деп да аталат. Ал борбордук процессор түшүнө турган М. т-нде жа­зылат. Системалык блоктогу туруктуу эсте да­йыма сакталып же тез эсте убактылуу сакта­лып турган программадан буйруктар алынып, алар чечмеленип жана аткарылып турат. М. т-нин буйруктары код түрүндө берилет. М. т. кошуу же жылдыруу сыяктуу көптөгөн амалдарды ат­картуучу буйруктарды камтыйт жана алар ком­пьютерде түздөн-түз аткарылат. Компьютерде жүзгө жакын буйруктар болот жана алар С18С (Сошр1ех шз^гисНоп зе1 сошри1ег) компьютер­лери деп аталат. Компьютерде иштетилүүчү ара­кеттердин 80% и аз сандагы буйруктар менен ат­карылат. Ушулар эске алынып, азыркы учурда В18С (Вебисеб шзЪгисИоп ве! сотриЪег) техно­логиясына негизделген борбордук процессорлор түзүлүүдө. М. т-нин буйругу эки бөлүктөн ту­рат. Биринчи бөлүгү жумушчу код же амалдар коду деп аталып, компьютер эмнени аткара турганын билдирет. М. т. буйругунун экинчи бөлүгү о п е р а н д деп аталат жана анда буйрукта колдонулуучу берилиштер же алардын дареги көрсөтүлөт.