МАШИНА ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР ДИНАМИКАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:10 учурдагы нуска

МАШЙНА ЖАНА МЕХАНИЗМДЕР ДИНАМИ­КАСЫ - машина жана механизмдер теориясы­нын бөлүмү. Механизмдер менен машиналардын курамына кирген бөлүктөрдүн (тетиктердин) кыймылын изилдейт. Механизм бөлүктөрүнүн кыймыл закондорун, бөлүктөрүнүн кыймылын жөнгө салуу, сүрүлүүгө сарпталган күчтү, кине­матикалык түгөйдөгү (механизмдердин 2 звено­сунун бири-бирине салыштырмалуу кыймыл­доочу бирикмеси) реакцияны аныктоо, ошондой эле машина жана механизмдердин тең салмактуулу­гу сыяктуу негизги маселелерди чечет. Механизм бөлүктөрүнүн кыймыл закондорун аныктоодо сырткы күчтүн берилген мүнөздөмөсү боюнча кый­мылдаткычтагы, жумуш аткаруучу машинада­гы жана башкаруучу түзүлүштөгү механикалык система­нын же машина агрегатынын кыймылы диф­ференциалдык теңдеменин жардамы менен чыга­рылат. Машина агрегатынын кыймылын жана башкарууну (жөнгө салуу маселелери) жөнгө салуу теориясында каралат. Мында калыптан­баган, өтмө жана калыптанган кыймыл режими болуп айырмаланат. Калыптанган-режимде те­тиктин чекит ылдамдыгы убакытка карата мез­гилдүү функция түрүндө же туруктуу абалда болот, калыптанбаган режимде машинага ата­йын автомат жөндөгүч орнотулат. Сүрүлүүгө сарпталган күчтү аныктоо машинага керектел­ген энергиянын механикалык пайдалуу аракет коэффициенти менен бааланат. Ки­нематикалык түгөйдөгү реакцияны аныктоо үчүн механизмдердин кыймылынын белгилүү закон боюнча аткарылуучу кинетостатикалык эсептөөлөрү (динамиканын маселелерин эсептеп чыгаруу ыкмалары) жүргүзүлөт. Машина жана механизм­дердин тең салмактуулугу механизмдердин ки­нематикалык түгөйдөгү динамикалык басымын азайтуучу тең салмактуулукту которуштуруу менен ишке ашырылат.

Ад.: Левитский Н. И. Теория механизмов и машин. 2-е изд. М., 1990; Фролов К. В. Избр. труды. М., 2007. Т. 2: Машиноведение и машиностроение.