МАШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МАШ, жалтырак маш буурчак (РЬавеоЫв аигеиз) - чанактуулар тукумундагы бир жылдык чөп өсүмдүк. Үч түрчөсү бар: индия М-ы (звр. шсйспв), кытай М-ы (ззр. сЫпепвгз) жана иран М-ы (ззр. шашсиз). КМШ өлкөлөрүндө кытай жана иран М-ы өстүрүлөт. М-тын сабагы (бийиктиги 15-80 см) тик же төшөлүп өсөт. Өзөк тамырлуу, жалбырагы жазы, кезектешип жайгашат. Гүлү сары, чанагы ичке (Узундугу 8-15 см), көп дандуу (7-10 дан), бышканда күрөң же боз түстө болот. 1000 данынын салмагы 25-80 г. Данында 24-28% белок, 46-50% крахмал, 2-4% май, витаминдер ж. б. бар. Даны тамак-ашка, көк бакалы тоютка пайдаланылат. Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Казакстанда эгилет. Гектарынан 10-16 цден түшүм, 80-200 ц көк бакал алынат.