МАХМУД КАШГАРИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
vol5_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 18:09 учурдагы нуска
МАХМУД КАШГАРИ, Махмуд ибн ал-Хусейн ибн Мухаммед ал-Кашгари [1029, Барскан (Барсахан) ш., Ысык-Көлдүн жээги - ө.ж.б.]-11- к-да О. Азиядан чыккан окумуштуу-филолог, түрколог, энциклопедист окумуштуу. Өмүр баяны жөнүндө так маалымат жок. Теги ак сөөк Караханиддерден тарап, өз атасы Барскан ш-нын эмири болгон. М. К. адегенде Кашкар ш. (ошондуктан Кашгари - кашкарлык аталып калган), кийин

Бухара, Самарканд, Нишапур, Багдад ш-нан билим алган. Жаш кезинен түрк урууларынын тилдерине [печенег (беченек), кыпчак (кыфчак), огуз, йемек, тухсы, ягма, кыргыз, йабаку ж. б.], фольклоруна, этнографиясына кызыгып, алар отурукташкан жерлерди кыдырып, алардын салт-санаасы, кулк-мүнөзү тилдик өзгөчөлүктөрү чагылдырылган материалдарды уламыш, макал, лакап, идиома, ыр түрмөктөрүн жыйнаган. Жыйналган лингвистикалык, этногр., тарыхый маалыматтарды 1072-77-ж. системага салып, жараткан эмгеги «Түрк тилдеринин сөздүгү» («Дивану лугат ит-турк») деген аталыш менен белгилүү болгон. Бирок бизге ал эмгектин түп нускасы эмес, сириялык Мухаммед ибн Абу-Бакрдын көчүрмөсү жеткен. 1072-74-ж. араб тилинде «Түрк тилдеринин сөздүгүн» түзгөн. Ал сөздүк эки бөлүмдөн туруп, биринчи бөлүмүндө китепти жазуунун максаты, түрк тилинде сүйлөгөн уруу, уруктар тууралуу, экинчи бөлүмүндө түрк тилинин сөздүгү, учкул сөздөр, элдик оозеки чыгарманын үлгүлөрүнөн кабар берген. 2011-жылы М. К-нин сөздүгүнүн 1-китеби кыргыз тилине которулду. Мындан тышкары М. К-нин бизге жетпей калган «Түрк тилдеринин синтаксиси» («Китаб жавахир ан нахв фи лугат аттүрк») китеби болгондугу айтылат.
Ад.: Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати ит-түрк» сөз жыйнагы (1072-1077). Б., 1997.